Саламаттык сактоо мекемелеринде жыл сайын АИВ  инфекциясына каршы күрөшүү максатында  жана АИВ инфекциясы боюнча медициналык кызматкерлердин билим деңгээлин текшерүү үчүн аттестация жүргүзүлүп келет. Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВ инфекциясын көзөмөлдөө борборунун да баардык медициналык кызматкерлери аттестациядан өткөрүлдү. Буга чейин, аттестация жумуштары борбор тарабынан райондордо жана Ош шаарынын саламаттык сактоо мекемелеринде жүргүзүлгөн.